Кытай аскердик музейи каалгаларын элге ачты

Көргөзмөгө коюлган чыгармалардын ичинде тапанчалар, куралдар, танкалар, ок өткөрбөс унаалар, учактар калктын кызыгуусун тартууда.

792604
Кытай аскердик музейи каалгаларын элге ачты

Кытай эл төңкөрүшүнүн аскердик музейи Кытай Эл Боштондук Армиясынын 90 жылдыгынан улам элге ачылды.

Борбор шаар Пекиндеги музейге кирүү 1 айга акысыз болот.

300дөн ашуун чыгарма орун алган музейде Кытай- Япон согушу жана Экинчи дүйнөлүк согушу мезгилинен калган буюмдар менен бирге азыркы армия инвантарында колдонулган кээ бир аскердик куралдар көргөзмөгө коюлган.

Көргөзмөгө коюлган чыгармалардын ичинде тапанчалар, куралдар, танкалар, ок өткөрбөс унаалар, учактар калктын кызыгуусун тартууда.

Пекиндин эң чоң имараттарынан болгон музей 1960 -жылы ачылган жана 160 миң метр квадраттык аянтты ээлеген.



Тектеш кабарлар