ЮНИСЕФ Йеменге тонналаган вакцина жөнөттү

17 тонналык вакцина борбор шаар Санага жеткирилди

792645
ЮНИСЕФ Йеменге тонналаган вакцина жөнөттү

БУУнун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан  Йеменге жөнөтүлгөн 17 тонналык вакцина борбор шаар Санага жеткирилди.

ЮНИСЕФтин социалдык медиа баракчасынан жарыяланган билдирүүдө, Эл аралык Сана аэропортуна жеткирилген пакеттерде кептөөр, селейме, көк жөтөл, гемофил В жана балдардын шал оорусуна каршы күрөшүү үчүн даярдалган бештик вакцина менен пневмококк, кызылча жана кызамык вакциналарынын бар экени белгиленди.

Билдирүүдө вакциналардын Йеменде 1 миллиондон ашуун баланын эмделишине жете турганы айтылды.

БУУ Йемендеги кагылышуулардын себебинен болжол менен 15 миллион адамдын медициналык жактан жетиштүү камсыздалбаганын билдирди.  



Тектеш кабарлар