Гватемалада кол салуу болду

Кол салууда жети киши каза болду.

791418
Гватемалада кол салуу болду

Борбордук Америка өлкөсү Гватемалада Рузвельт ооруканасы жайгашкан жерге кирген куралдуу кишилердин ок атуусу менен жети киши каза болду. Борбор шаар Гватемаладагы оорукананын директор орун басары кол салууда бир бала менен он эки кишинин жаралангандыгын, баланын абалынын оор экендигин белгиледи. Мындан мурда да ушундай кол салуулардын болгондугун билдирген директордун орун басары өкмөттөн кошумча коопсуздук чаралардын көрүлүшүн суранышкандарын айтты.

Полиция кол салууну жасагандыгы айтылган  беш кишинин кармалганын, бул кишилердин Мара Салватруча кылмыш уюмуна мүчө экендерин билдирди.

Ичик иштер министрлигинен берилген маалыматта да кол салуучулардын кээ бир тесттер үчүн абактан ооруканага алып барылган лидери Андерсон Даниэль Кабрера Чифуэнтести куткарууну максат кылышкандары билдирилди.



Тектеш кабарлар