Трамптын мурунку үйү түнкүсүн ижарага берилүүдө

Куинстеги үйдө 20 киши жашаса болот

788094
Трамптын мурунку үйү түнкүсүн ижарага берилүүдө

АКШнын президенти Дональд Трамптын Нью-Йорктогу балалык кезин өткөргөн үйү, түнкүсүн 777 долларга ижарага берилүүдө.

Трамп АКШнын президенти болуп шайлангандан кийин эки ай өткөн соң 2.14 миллион долларга сатылган үй үчүн, ижарага берүүчү сайт Airbnbде кулактандыруу жарыяланды.

Жарыяга караганда, Нью-Йорктун Квинс аймагында жайгашкан үйдө 20 киши жашаса болот.

Ижарага алуучуларды, үйдүн залында Трамптын картондон жасалган чоң макети тосуп алат.



Тектеш кабарлар