Рефах чек ара капкасы ажы талапкерлери үчүн ачылды

Чека ара капкасы 4 күн ачык болот.

789547
Рефах чек ара капкасы ажы талапкерлери үчүн ачылды

Египет  ажылык милдетин аткаруу үчүн Сауд Аравияга бара турган газалыктар үчүн Рефах чек ара капкасын убактылуу түрдө ачты. Газадагы ички иштер министрлигине караштуу Чек ара капкалар башкармалыгынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Египет мекемелеринин Рефах чек ара капкасын  бүгүн эрте менен газалык ажы талапкерлеринин Сауд Аравияга өтүшү үчүн ачкандыгы белгиленди.

Рефах чек ара капкасынын Палестина тарабынын жооптуусу Хишам Адван да бүгүн 800гө жакын ажы талапкеринин капкадан өтөрүн, капканын ажы талапкерлери үчүн 4 күн ачык болорун белгиледи. 

Чек ара капкалары башкармалыгы бул жылкы газалык ажы талапкерлеринин санынын 2 миң 500 кишиге жакын экендигин белгиледи. Египет башкаруусу 2013 -  жылы 3 -  июлдагы аскердик козголоңдон кийин жапкан Рефах чек ара капкасын кээ кээде кыска мөөнөткө ачууда. 

 



Тектеш кабарлар