Непалда сел жана жер көчкү

Сел жана жер көчкүлөрдө каза тапкандардын саны 70ке жетти.

789742
Непалда сел жана жер көчкү

Непалда жума күндөн бери жаап жаткан муссон жамгырлары жол ачкан сел жана жер көчкүлөрдө каза болгондордун саны 70ке жетти.  Табигый апааттарда 20 киши жараланып, 50 киши дайынсыз жоголду. Саламаттык министрлиги жарандарды суу аркылуу жуга турган оорулар боюнча эскертти.

Бир тараптан ички иштер министри Жанардан Шарма жергиликтүү бир радиого берген маалыматында : «Чыгыш жактарда суунун деңгээли азайды, бирок батыш жактарда акыркы эки күндө селдин жүрүшү улантылууда. Абалды карап жатабыз»,- деди.

Жапа чеккендерге биринчи этапта чатыр жана азык  - түлүк жардамы берилгендигин белгилеген Шарма апаат аймактарына медициналык жардамдын берилерин айтты.

Коопсуздук директорлугунун катчысы Пушкар Карки да кечээ 31миңге жакын үй  - бүлөнүн  үйлөрүнүн зыян тарткандыгын билдирген.

Непалда июнь айында башталган муссон жамгырлары сентябрь айына чейин уланат. Өлкөдө өткөн жылы июль айында муссон жамгырлары жол ачкан сел жана жер көчкүлөрдө 75 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар