Австралия өкмөтүндөгү кош атуулдук кризиси

Австралияда министрлер да арасында орун алган төрт саясатчынын кош атуул болгондугу ачыкка чыгышынан кийин премьер-министрдин орун басары,сенатор  Барнаби Жойс  дагы ошондой абалга туш болду.

789814
Австралия өкмөтүндөгү кош атуулдук кризиси

Австралияда министрлер да арасында орун алган төрт саясатчынын кош атуул болгондугу ачыкка чыгышынан кийин премьер-министрдин орун басары жана бийликтин өнөктөшү Улуттук партиянын лидери сенатор  Барнаби Жойс  дагы ошондой абалга туш болду.

Коалиция өкмөтүндө премьер-министрдин орун басары жана айыл чарба министрлиги кызматын аркалаган Жойс парламентте айткан сөзүндө, Жаңы Зеландия Жогорку комиссиясынын өткөн апта өзүнө атасы тарабынан Жаңы Зеландиянын атуулдугу берилгенинин маалыматын бергенин белгилеп, өлкө мыйзамдарынын чегинде баш тартышы керектиги түшүндүрүлүшү үчүн ишти Жогорку сотко жеткирерин билдирди.

Жойс атасынын Жаңы Зеландиядан 1947-жылы Австралияга көчүп келгенин, ата-энесинин эле эмес, өзүнүн дагы Жаңы Зеландиянын атуулдугун улуу үчүн кайрылбаганын баса белгилеп, премьер-министр Малколм Тернбал өзүнөн учурдагы ээлеген кызматын улантуусун суранганын айтты.

Жаңы Зеландия премьер-министри Билл Инглиш, Жойстун билсе да, билбесе дагы Жаңы Зеландиянын атуулу болгондугун белгилеп, Жаңы Зеландиянын ички иштер министри Питер Данни, атасынын Жаңы Зеландия атуулдугу болгон Жойстун автоматтык түрдө атуулдук алганын белгиледи.

Австралия Жогорку сотунун Жойстун сенаторлугунун мыйзамга ылайык келбегенине чечим чыгарган учурунда Сенатта ашыкча бир орунга ээ болгон коалиция өкмөтү, арадагы шайлоого барууга аргасыз болот.

Австралиянын мыйзамдары кош атуулдардын Сенатка шайланышына тыюу салат. Австралиянын Жогорку соту учурда өткөн айда кош атуулдуктары белгилүү болгон Жаратылыш булактары жана Түндүк Австралия боюнча жооптуу мамлекеттик министр Мэтт Канаван, Жашылдар партиясынан вице-премьерлер Лариса Уотерс жана Скотт Людлам, Бир улут партиясынан Малкольм Робертстин абалдарын иликтейт.

Лариса Уотерс жана Скотт Людлам, кош атуулдуктары ачыкка чыккан соң өткөн айда кызматтан кетүүгө аргасыз болушкан.



Тектеш кабарлар