Трамп Путинге рахмат айтты

АКШнын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө иштеген киши саны 1 -  сентябрда 455ке төмөндөгөн болот.

788204
Трамп Путинге рахмат айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиядагы дипломаттарын кайра жибергендиги үчүн президент Путинге рахмат айтты. АКШнын лидери : «Путинге рахмат айтам. Себеби кызматкерлер үчүн каржоолорду кыскартууга аракет кылуудабыз. Көп сандаган кишини жибергендиги үчүн  ыраазымын. Себеби кызматкер саны дагы аз. Алардын кайра кайтуусу үчүн эч бир себеп жок»,- деди.

Орусиянын президенти Путин Москванын АКШда өткөн жылы өткөрүлгөн президенттик шайлоого кийлигишти деген ойлорду негиз катары көрсөтүп Конгресстен өткөн санкция  мыйзамына жооп катары АКШнын дипломатиялык миссияларында кызмат кылгандардын санын 1 -  сентябрга чейин 755 кишиге азайтарын билдирген болчу.

Ушундайча АКШнын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө иштеген киши саны 1 -  сентябрда 455ке төмөндөгөн болот. Бул сан Орусиянын АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө иштеген киши санына тең келет.

Трамптан мурунку Барак Обама башкаруусу Орусиянын АКШ шайлоосуна кийлигишти деген негиз менен Орусияга таандык эки дипломатиялык  комплексти конфискациялап жана 35 орус дипломатты да өлкөдөн чыгарган.



Тектеш кабарлар