Сауд Аравия Катарга аба мейкиндигин ачты деген кабарларды жалганга чыгарды

Бириккен Араб Эмирликтери менен Бахрейнден кийин Сауд Аравия да аба мейкиндигин ачты деген кабалдарды жалганга чыгарды.

788130
Сауд Аравия Катарга аба мейкиндигин ачты деген кабарларды жалганга чыгарды

  Бириккен Араб Эмирликтери менен Бахрейнден кийин Сауд Аравия да аба мейкиндигин ачты деген кабалдарды жалганга чыгарды.

Сауд Аравиянын жарандык авиациясынын Жалпы Кеңешинин төрагасы Абдулхаким  бин Мухаммед  ет  -  Темимини берген жана Сауд Аравия кабар агенттиги SPAда орун алган маалыматта аба мейкиндигинин азыр да Катар учактарына жабык экендигин белгиледи.

Жарандык авиациянын баш директорлугу 30   июлда блокада кылган өлкөлөдүн Катар аба жолу фирмаларынын колдонушу үчүн 9 чукул аба коридорун бөлгөндүгүн жарыялаган болчу.

Катар авиациясынын жалпы кеңешинин төрагасы Абдуллах бин Насыр ес  - Себии болсо дүйшөмбү күнү Умман булуңу, Перс булуңу менен Умман деңизи да болуп Катардын Эл аралык Авиациялык Уюмунан талап кылган жаңы аба жолдорунун бир тобунун колдонула баштагандыгын билдирген болчу.

Бахрейн менен Бириккен Араб Эмирликтери басма сөздө орун алган  жана аба мейкиндиктерин Катар аба жолдорун ачышкандары тууралуу кабарларды жалганга чыгарып, бир гана эл аралык  суулардын үстүндөгү аба мейкиндигинин колдонулушуна уруксат беришкендерин белгилеген болчу.

 

 



Тектеш кабарлар