Деңизге ташталып кеткен 51 адам көз жумду

Адам аткезчилери аларды Йемен жээктерине таштап кетишкен

787129
Деңизге ташталып кеткен 51 адам көз жумду

Йемен жээктеринде адам аткезчилери тарабынан деңизге ыргытылган көпчүлүгү жаштардан турган 120 баш калкалоочудан 51и сууга чөгүп кетти.

БУУнун Эл аралык Миграция Уюму, Йемен жээктеринде деңизге ташталып кеткен африкалык 120 баш калкалоочудан 51инин сууга чөгүп кеткенин билдирди.

Уюмдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Сомали жана Эфиопия жарандары болгон 120 баш калкалоочунун Йемен жээктеринде бир кемеден адам аткезчилери тарабынан деңизге ыргытылганы белгиленди.

Бул кишилерден 51инин көз жумганы белгиленген билдирүүдө, баш калкалоочулардын орточо 16 жаш курактарында экени баса белгиленди.

Жээкке жетип кутулгандар, адам аткезчилери жээкте кызматкерлерди көргөндө аларды сууга түрткөнүн айтып беришти.

Сомалиге кайтып бараткан адам аткезчилеринин Йеменге дагы көп баш калкалоочуну алып барууну күткөндөрү белгиленди.

Ушул жылдын ичинде 55 миң баш калкалоочунун Йеменге жетүү үчүн Сомали жарым аралынан жолго чыкканы да маалымдалды.



Тектеш кабарлар