Батыш Европаны санаага салган жумуртка көйгөйү
Нидерландия, Бельгия жана Германиянын артынан эле Улуу Британия жана Францияда дагы уулу жумурткалар аныкталды.
786242
Улуу Британиянын тамак-аш стандарттары агенттиги аталган жумурткалардын өлкөдө жайылышын тез аранын ичинде иликтегендерин билдирип, жумурткалардын саны “өтө аз” болгондугу жана калктын ден- соолук коркунучуна “өтө төмөн” таасир бере турганы айтылды.
Бул туурасында Франция өкмөтү да билдирүү жасап, Нидерландиядан келген ичинде фипронил (курт-кумурскаларга каршы дары) кошулганы аныкталган 13 партиялык жумуртканын эки даанасынын курамында табылганы билдирилди.
Франциянын Айыл-чарба министри колдонуучулардын зыяндуу жумурткаларды колдонуп же колдонбогонунун азырынча аныктала элегин кошумчалады.