АКШ террордук уюмдарга жардамдарын улантып жатат

Дагы 112 фура Ракканын түндүгүндөгү террористтерге жөнөтүлдү

785867
АКШ террордук уюмдарга жардамдарын улантып жатат

АКШ ДЕАШка каршы күрөшүп жатканын себеп көрсөтүп Сириядагы жикчил террордук уюм ПКК/ПЙДге аскердик жардамдарын улантууда.

Кечээ кечинде да 112 фура Ракканын түндүгүндөгү террористтерге жөнөтүлдү.

Хасекедеги Анадолу агенттигинин кабарчысы, кечээ кечинде аскердик жардамды ташыган 112 фуранын Ирак чек арасынан өтүп уюмдун көзөмөлүндөгү Хасекеге киргенин билдирди.

Конвойдогу АКШ армиясы колдонгон брондолгон зуммерлер, күйүүчү май танкерлери жана орто көлөмдөгү унаалар көңүлдөрдү бурду.

Буга чейин 5-июнда 60, 12-июнда 20, 16-июнда 50 жана 21-26-июнда жалпы 120, 5-июлда 82, 9-июлда 102, 13-июлда 95, 17-июлда 100, 22-июлда 100, 27-июлда 80, 31-июлда 100 болуп жалпы 909 фура ПКК/ПЙД аймагына жардамдарды жеткирген.


Этикеткалар: #Сириядагы , #брондолгон

Тектеш кабарлар