Нигерияда чиркөөгө кол салуу болду

Нигериянын Анамбрана провинциясында бир чиркөөгө куралдуу кол салуу болуп 8 киши каза тапканы маалымдалды.

784854
Нигерияда чиркөөгө кол салуу болду

Нигериянын Анамбрана провинциясында бир чиркөөгө куралдуу кол салуу болуп 8 киши каза тапты, 18 киши оор жаракат алды.

Анамбрана провинциясынын полиция комиссери Гарба Умар, жергиликтүү Игдо диалектинде сүйлөгөн куралчан кишинин «St. Philip» атындагы католик чиркөөсүнө кол салуусунда кеминде 8 кишинин көз жумганын, 18 кишинин жаракат алганын айтты.

Умар: «Колубуздагы маалыматтар, кол салууну кылган кишинин аймакта жашаган жергиликтүү тургун экендиги боюнча так белгилерди берип турат»,-деп айтты.

Анамбранын губернатору Виллие Обиано болсо окуя болгон жерге барып «мыкаачылык» деп айтып кол салууну айыптады.

Бир тараптан кол салуу болгон убакта чиркөөдө сыйынып жаткандар полициянын кылмышкер жана каза тапкандар жөнүндөгү маалымдоосунун чындыкка жатпаганын айтышууда.

Паришионер Уче Ноносо аттуу киши, кол салууну 2 куралчан киши кылганын жана чиркөөдө 15тен ашуун киши көз жумганын айтты.

Жооптуу кызматкерлер, азырынча моюнга алган эч ким чыкпаган кол салуунун аркасында Боко Харам террордук уюмунун турганын ойлобогондорун жарыялашты.



Тектеш кабарлар