Ирак Саддам Хүсейин мезгилинен калган акчасын алды

Ирак БУУму тарабынан алынган, кулатылган лидер Саддам Хүсейин мезгилине таандык  131 миллион долларын кайтарып алды.

783908
Ирак Саддам Хүсейин мезгилинен калган акчасын алды

Ирак БУУму тарабынан алынган, кулатылган лидер Саддам Хүсейин мезгилине таандык  131 миллион долларын кайтарып алды. Тышкы иштер министрлигинин катчысы Ахмед Жемал тарабынан берилген маалыматта : «Нефтиге азык  - түлүк жана дары алмаштыруу» программасынын негизинде БУУ тарабынан конфискацияланган 131 миллион долларды 6 жылдык пайызы менен кайра ала алдык»,- деп айтылды. 

Кулатылган лидер Саддам Хүсейиндин 1990 -  жылы 2 -  августта Кувейтти басып алышынан кийин эл аралык коомдун талабы менен БУУ тарабынан Иракка эмбарго жасала баштаган. Эмбарго ишке аша баштагандан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ирактын белгилүү бир көлөмдө нефть экспортуна уруксат берип, азык  - түлүк жана дары – дармек алышына мүмкүнчүлүк берип жаткан.



Тектеш кабарлар