Индияда уйлар үчүн өзүнчө министрлик түзүлөт

Уй министрлиги түзүлсө милдети кандай болоор экен?

782955
Индияда уйлар үчүн өзүнчө министрлик түзүлөт

Индия өкмөтү, уйлар үчүн өзүнчө министрлик түзүүнү пландап жатканын билдирди.

Өкмөттөгү "Бхаратия Жаната" партиясынын жетекчиси Амит Шах Уттар-Прадеш провинциясында өткөргөн маалымат жыйынында: «Уйлар үчүн өзүнчө министрлик түзүүнү ойлоп жатабыз»,-деди.

Амит Шах: «Бул темада көптөгөн арыз жана сунуштар келди. Биз да бул сунуштарды илгерилетүүгө аракет кылуудабыз»,-деп айтты.

Индияда уйлар ыйык жаныбар болушуна карабастан Мал-чарбачылык министрлигинин астында орун алууда.

Бир тараптан Индияда Уй министрлиги түзүлсө милдети кандай болоору жөнүндө маалымат берилген жок.

 



Тектеш кабарлар