Мусулга кайткан жарандардын саны

Мусулдун борборуна кайткан жарандардын санынын 253 миңге жеткендиги билдирилди.

782414
Мусулга кайткан жарандардын саны

Ирак миграция жана мигранттар министри Жасим ел  - Жаф ДЕАШ террордук уюмдан кутулган Мусулдун борборуна кайткан жарандардын санынын 253 миңге жеткендигин билдирди.

Министр Жаф берген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Мусулду ДЕАШтан куткаруу операциясы башталган күндөн бери  үйлөрүнө кайткан өлкө ичиндеги мигранттардын саны 253 миңге жетти»,- деп жазылды.

Мусул башта болуу менен жалпы Иракта жерлеринен кеткен жарандардын кайтышынын алдындагы тоскоолдуктардын жоюулушу үчүн аракет кылышкандарын билдирген Жаф куткарылган аймактардын кайрадан курулушу үчүн даярданышкандарын белгиледи.

Ирак миграция жана мигранттар министри Жаф 30 -  июнда берген маалыматында Мусулду ДЕАШ террордук уюмдан куткаруу операциясы учурунда 900 миң жарандын үйүн таштап кеткендигин жарыялаган.

Ирактын премьер  - министри Хайдар ел  - Ибади 9 айга жакын созулган аскердик операциянын натыйжасында 10 -  июлда Мусулдун ДЕАШтан тазалангандыгын жарыялаган болчу.

 



Тектеш кабарлар