Катар кризистен чыгуу үчүн коюлган талаптарды аткарабы же...?

Сауд Арабия жана Бахрейн, Катардан жасап жаткан саясатын тууралоосун жана ал өлкө менен байланыштарын  үзгөн өлкөлөрдүн(Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери, Египет жана Бахрейн) койгон талаптарын аткаруусун  каалайт.

782191

Доха бийлигине багытталган бул талап Бахрейндин королу Хамад Бин Иса Аль Халифанын  Сауд Арабиянын  мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен Жидде шаарында болгон сүйлөшүүлөрүндө айтылган.

Бахрейндин расмий кабар агенттиги БНАнын берген маалыматына караганда, сүйлөшүүдө король Аль Халифа өлкөсүнүн коопсуздукту  жана туруктуулукту камсыздоо, коркунуч жана сырткы кийлигишүүлөр менен күрөшүүдө ар дайым Сауд Арабияны колдогонун айткан.

Катар жана айрым араб өлкөлөрүнүн ортосундагы кризис 5-июнда Сауд Арабия, БАЭ, Бахрейн жана Египет бийлигинин Катар менен бардык дипломатиялык байланыштарын токтотуусу менен башталган.

Жогоруда айтылган төрт өлкө байланыштарын жакшыртуу үчүн Доха бийлигине 13 бөлүмдөн турган талаптардын тизмесин берген, Катар болсо эл аралык мыйзамга каршы эч бир талаптын кабыл алынбай турганын айткан.

Сауд Арабия, БАЭ, Египет жана Бахрейндин тышкы иштер министрлери Катар менен байланыштарга бара турган кадамдар тууралуу сүйлөшүү үчүн экинчи жыйынын жекшемби күнү Бахрейндин борбору Манамада өткөрүшкөн.

Манамадагы жыйындан кийин уюштурулган маалымат жыйынында Бахрейндин тышкы иштер министри Халид бин Ахмад Аль Халифа тарабынан окулган жалпы билдирүүдө: “Төрт өлкө, террорчулукту колдоосун жана аны каржылоосун, жек көрүүчү жана чагымчылык сөздөрүн, башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүсүн токтоторун, аймак менен дүйнөнүн тынчтыгын жана туруктуулугун кепилдикке алган 13 адилеттүү беренени иш жүзүнө ашыра турганын чынчыл мамиле жана иштиктүү түрдө жарыялоо шарты боюнча Катар менен сүйлөшүүгө даярбыз ”-деп айткан.

Тектеш кабарлар