Усаме Бин Ладиндин уулу кыска убакытта уюмдун лидери болот

Америка башкаруусу Бин Ладинди 2011 – жылы Пакистанда жүргүзгөн абадан операциясында өлүү колго түшүргөн.

781742
Усаме Бин Ладиндин уулу кыска убакытта уюмдун лидери болот

Террордук уюм Аль Каиданын мурунку лидери Усаме Бин Лабиндин уулу Хамза Бин Ладиндин кыска убакыттын ичинде уюмдун лидери болушу күтүлүүдө.

Дүйнөлүк басма сөз 28 жаштагы Хамза Бин Ладиндин уюмдун жаңы  жүзү болуп, террордук уюм ДЕАШ жок болуп бара жаткан мезгилде алдыңкы планга чыгууну максат кылгандыгын жазды.

Хамза Бин Ладин өткөн жылы жарыялаган биринчи кабарында Сауд Аравияга карата билдирүү берген. Бул өлкөдө «жалгыз карышкырлардын» террордук кол салууларды жасоосун суранган болчу. Бин Ладин экинчи кабарында болсо Сауд Аравиянын куруучусу Абдулазиз бин Рахман ал Саудду «англис агенти» болуу менен күнөөлөдү.

CBS Newsке маалымат берген АКШнын тышкы иштер министрлигинин жооптуусу Али Соуфан Хамза бин Ладиндин бала кезде эле  атасынын ордуна өтө турган потенциал лидер ктары каралгандыгын айтты.

Соуфан : «Хамза Бин Ладин муну айтууда: атама кылгандары үчүн өч аламын!» Хамза Бин Ладин АКШнын тышкы иштер министрлигинин террор тизмесинде орун алган. Министрликтеги Хамза Бин Ладиндин 22 жашында жазган каттарында атасы Усаме Бин Ладиндин өчүн алууну каалагандыгы билдирилген.

Террордук уюм Аль Каиданын лидери Усаме Бин Ладин 2001 -  жылы 11 -  сентябрда АКШда Дүйнөлүк Соода Борбору жана коргоо министрлигинин имараттарына учактар менен жасаган жана 3 миңден ашуун киши каза болгон кол салуулардан жооптуу.

Америка башкаруусу Бин Ладинди 2011 – жылы Пакистанда жүргүзгөн абадан операциясында өлүү колго түшүргөн.

 



Тектеш кабарлар