Түндүк Кореянын АКШга карата коркутуусу улантылууда

«Rodong Sinmun» гезити Түндүк Кореянын акыркы ракета сынагы тууралуу макала жарыялады.

781572
Түндүк Кореянын АКШга карата коркутуусу улантылууда

 

Түндүк Корея Жумушчулар партиясынын расмий гезити «Rodong Sinmun» АКШ Түндүк Кореяга карата  душман катары саясатын акырына чыгарганга чейин жана тизе бүгүп кечирим сураганга чейин  Пхеньян башкаруусунун атомдук жана баллистикалык ракета көлөмүн көрсөтүүнү улантарын жазды.

"Rodong Sinmunда» өлкөнүн жума күнү аткарган акыркы ракета сынагы тууралуу бир макала жарыялаган. Макалада : "Hwasong – 14» аттуу континенттер аралык баллистикалык ракетанын экинчи сынагындагы чоң ийгилик партиябыздын жана калкыбыздын ишеничинин бир көрсөткүчү болду. АКШлык империалисттер Түндүк Кореяга карата заманбап душман катары саясатын токтотконго чейин жана өлкөбүзгө берген чыгымдардан улам тизе бүгүп кечирим сураганга чейин кол салууга даярбыз»,- деп айтылды.

Түштүк Кореянын Йонхап кабар агенттиги Пхеньяндын ядролук жана баллистикалык ракета потенсиалын көрсөтүү менен АКШнын Түндүк Корея саясатын өзгөртүүгө аракет кылгандыгын баса белгилеген.

 

 



Тектеш кабарлар