Акса мечитиндеги чыгымдарды аныктоо үчүн комитет түзүлдү

Израиль аскерлеринин Акса мечити баскынында алып келген чыгымдарды аныктоо максатында 4 адис комитет түзүлдү.

781381
Акса мечитиндеги чыгымдарды аныктоо үчүн комитет түзүлдү

Иерусалимдеги исламдык фонддор башкармалыгы Израиль аскерлеринин Акса мечити баскынында алып келген чыгымдарды аныктоо максатында 4 адис комитет түзүлдү.

Исламдык фонддор башкармалыгынын төрагасы Шейх Аззам Ел – Хатиб жазуу түрүндөгү маалыматында Израиль аскерлеринин Акса мечитинин офис жана имараттарына жасаган кол салууларда пайда болгон чыгымдарды аныктоо үчүн 4 комитеттин түзүлгөндүгүн белгиледи. Хатиб фонддор башкармалыгы катары комитеттер милдетин орундатып, маселе тууралуу расмий отчетторун даярдаганга чейин коомчулукка маалымат берүүнү улантышарын баса белгиледи.

Басма сөздө орун алган фонддор башкармалыгына таандык документтердин  уурдалгандыгы тууралуу кабарлардын туура эмес экендигин белгилеген Хатиб пелстиналыктарга социалдык желе менен жергиликтүү басма сөздө орун алган жана расмий болбогон кабарларга көңүл бурбоого чакырды.

Израиль аскерлери 14 -  июлда Аксага кирип жана 2 күн мечитти жабык кармашкан.



Тектеш кабарлар