Катар сунушту дагы четке какты

Катар 4 араб өлкөсүнүн блокаданы жоюу үчүн билдирген «шарттуу диалог» сунушун четке какты.

780972
Катар сунушту дагы четке какты

Катар 4 араб өлкөсүнүн блокаданы жоюу үчүн билдирген «шарттуу диалог» сунушун четке какты. Катардын тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман ес – Сани өлкөлөрүнө карата блокаданын эл аралык укуктун бузулушу деген мааниге келгендигин кайталады. Борбору Катардагы басма сөз курулушу Аль Жазирага маек берген Ес – Сани : «Блокада кылган өлкөлөр мунун мыйзамсыз экендигин кабыл албоодо катуу турат»,- деди.

Сауд Аравия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирликтери менен Египеттин тышкы иштер министрлери кечээ Бахрейнде жолугушуп, Катарга карата таштала турган кадамдарды сүйлөшкөн болчу. Жыйындан кийин маалымат берген Бахрейндин тышкы иштер министри Шейх Халид бин Ахмед Ал Халифе : «Катар менен диалогго даяр экенибизди бул жерде билдирдик»,- деп : «Бул Катардын терроризм жана ашыкчалыкка финансылык жардам берүүнү токтотуу, башка өлкөлөрдүн ички иштерине аралашпашына жана 13 беренелик талап тизмебизге жооп беришине байланыштуу»,- деген.

4 өлкөнүн Катарга билдирген 13 беренелик талабынын арасында өлкөнүн Мусулман бир туугандарды колдоону токтотушу, тв каналы Аль Жазираны жана өлкөдөгү түрк аскердик базасын жабышы сыяктуу талаптар болгон. Катар болсо бул талап тизмесинин «кабыл алынбашы үчүн даярдалгандыгын» жактап жаткан.



Тектеш кабарлар