Дүйнөдө өрт апааты жана сел

Түндүк жарым шар өрт жана сел апааты менен күрөшүп жатат.

778942
Дүйнөдө өрт апааты жана сел
Thuringen flood.jpg

Глобалдык ысынуунун таасири өзүн көрсөтө баштады. Түндүк жарым шар өрт жана сел апааты менен күрөшүп жатат.

Франция токойлору өрттөнүүдө. Франциянын Жер Ортолук деңиз жээктеринде өрт өчүрүүчү учактар жана тик учарлар менен миңдеген өрт өчүргүч иштеп жатат. Өрттү текшерүүгө ала албаган Франция Европа Биримдиги өлкөлөрүнөн жардам сурады.

Өрттөр белгилүү эс алуу борборлору Сан-Тропе жана Марселди коркутууда.

Португалияда да  ашыкча ысыктык жана шамалдардын таасири менен ылдам жайылган токой өрттөрү өчүрүлө албай жатат. Абдан чоң аянт күлгө айланды. Көп сандаган отурукташуу жерлер бошотулуп, кээ бир жолдор жабылды.

Германия болсо сел менен күрөшүүдө.

Өлкөнүн түндүк – батышында таасирдүү болгон жамгыр дарыялардын ташуусуна себеп болду. Бир топ аймак суу астында калды.

Кытайда болсо чоң мөндөр жаап автомобиолдердин айнектери сынды. Кытайдын түндүк чыгышында көптөгөн күндөрдөн бери катуу жааган жамгырдын айынан дарыялардын суусу көпүрөлөрдүн үстүнөн агып атат.

Отурукташуу борборлору да суу астында калды.

Бангладеште да борбор шаар Дакка көчөлөрү сел суулары менен өзүнчө бир каналга айланды.



Тектеш кабарлар