Акса мечитинде 50 жаш чеги коюлду

Израиль полициясы дагы бир жолу жашы элүүгө чыга элек эркектердин Акса мечитине кирүүсүнө тыюу салганын жарыялады.

779237
Акса мечитинде 50 жаш чеги коюлду

Израиль полициясы дагы бир жолу жашы элүүгө чыга элек эркектердин Акса мечитине кирүүсүнө тыюу салганын жарыялады.

Бул темага байланыштуу жазуу түрүндөгү жарыясында Иерусалимдин чептер менен курчалган эски шаар аймагынын ичинде жана тышында кошумча полициялык күчтөрүнүн жайгаштырылганы, бул аймактын айланасындагы айрым жолдордун да жабыла турганы белгиленди.

Анда айрыкча сөзү болгон тыюу салуулардын палестиналыктардын «бүгүн митинг өткөрүүгө жана баш аламандык жаратууга даярданганынын маалыматы» боюнча чыгарлыганын жактады.

Израиль полициясы 14-июль жума күнү Акса мечитинде куралдуу кол салууга аракет кылганы шылтоосу менен 3 палестиналыкты өлтүргөн. Окуяда жаракат алган 2 полициянын болсо ооруканаларда көз жумгандарын жарыялаган.

Окуядан кийин Акса мечитине кирүүгө тыюу салган Израиль күчтөрү, Хареми Шарифтин эки каалгасын 16-июлда ачкан, бирок каалгаларга электрондук металл аныктоочу детекторлорду жайгаштырган.

Палестиналыктар детекторлор жайгаштырылган күндөн бери Аксанын каалгаларына чогулуп намаздарын ушул жерде окушса, Израилдин полициясынын кийлигишүүлөрүнө дуушар болуп жатышат.

Израилдин Коопсуздук кабинети чыгарган чечим боюнча Акса мечитинин каалгаларындагы детекторлор 25-июлда жоюлган.

Мусулмандар, Иерусалим аалымдарынын чакырыгы боюнча кечээ кечки намазы үчүн Хареми Шарифке барды. Израиль полициясы мурда Аксанын айрым каалгаларын ачкан жок. Палестиналыктардын катуу каршы чыгуусу боюнча кечээ Акса мечитинин бардык каалгалары ачылды жана миңдеген киши Хареми Шарифке кире алышты.

Израиль полициясы андан соң Аксанын ичинде жана тышындагы палестиналыктарга үн бомбасын ыргытып, желим октор менен ата башташкан. Асланлы (Эсбат) каалгасынан башка бардык каалгаларды жапкан. Полициянын кийлигишүүсүнүн айынан жүзөдөн ашуун палетиналык жаракат алды.



Тектеш кабарлар