Агасынын күнөөсү үчүн карындашы зордукталмак

Полиция бул чечимди чыгарган кеңештин 20 мүчөсүн камакка алды.

778994
Агасынын күнөөсү үчүн карындашы зордукталмак

Пакистандын Пенжап дубанында айылдык кеңеш айылда катталган зордуктоо кылмышына байланыштуу окуяда “зордуктоого зордуктоо” жазасын берди.

Полиция ушундай чечим чыгарган кеңештин 20 мүчөсүн камакка алды.

Пенжап дубанынын Мултан аймагындагы бир айылда айылдык кеңеш 12 жаштагы кызынын зордукталганын арызданган адамга күнөөлүүнүн 16 жаштагы карындашын зордуктоосун буюрду.

“Хиндистан Тайм” гезитинин берген маалыматына караганда Мултан полициясы бул чечимди чыгарган айылдык кеңешинин башчысы менен бирге 20 кишини камакка алды.

Мултан полициясынын башчысы окуя боюнча: “Айылдык кеңеш айылда катталган окуя боюнча бир добуштан күнөөлүүнүн карындашын зордуктоо чечимин чыгарыштыр. Кыздын үй-бүлөсүнүн каршы чыгуусуна алар “адилеттүүлүк күнөөлүнүн карындашын да зордуктоо менен орнойт” деп, каршылыгын четке кагыптыр”- деп билдирди.



Тектеш кабарлар