Акса мечитине жайгаштырылган детекторлор чыгарылды

Израиль полициясы Акса мечитинин каалгаларына курган электрондук издөө детекторун алып таштады.

777004
Акса мечитине жайгаштырылган детекторлор чыгарылды

Израиль, каршы чыгуулардын себебинен чара көрүүлөрүн жумшартты...

Израиль полициясы Акса мечитинин каалгаларына курган электрондук издөө детекторун алып таштады.

Аксанын каалгаларына жүк ташуучу унаалар менен келген мэриянын кызматкерлери детекторлорду чыгарып алып кетишти.

Акса мечитинин мурдагы мүдүрү шейх Нажи Бекират, социалдык тармактагы жарыясында Израиль полциясынын издөө детекторлорун чыгара баштаганын, бирок камераларды калтырганын белгилеп кетти. Бекират, камералардын калтырылышынын талаптарын камсыздабаганын, муну кабыл албай тургандарын айтты.

Израилдин Коопсуздук кабинетинин түнкү сааттарга дейре уланган жыйналышынан кийинки жазуу түрүндөгү жарыясында, «Коопсуздук кабинети бардык коопсуздук бөлүмдөрү сунуштагандай металл издөө детекторлорун алып таштоо, мунун ордуна өнүккөн технологияны колдонуп башка чараларды көрүүгө чечим чыгарды. Ушундай түрдө (айланасы чептер менен курчалган Иерусалимдин) Эски шаар аймагы жана Акса мечитинде ибадат кылгандардын коопсуздугу камсыздалат»,делди.

Анда, ушундай түрдөгү өнүккөн технология чара көрүүлөрү аткарылганга дейре «көп сандаган полициянын шаарга жайгаштырыла турганы жана Аксага болгон зыяраттардын коопсуздугун камсыздаш үчүн зарыл кадамдар таштала турганы» белгиленип, жаңы технологиялык чара көрүүлөрдүн бүгүндөн баштап 6 айдын ичинде бүтүрүлө алышы үчүн өкмөттүн 100 миллион шекел (орто эсеп менен 28 миллион доллар) бөлгөнү билдирилди.

Бир тараптан Израиль полициясы, Иерусалимдин Арстандуу (Эсбат) каалгасында чогулган палестиналык жаштарга көздөн жаш агызуучу газ чачты жана үн бомбаларын ыргытты. Палестиналык жаштар менен полициянын ортосундагы кагылышуулар шаардын айланасында уланууда.

Израиль полициясы, Акса мечитинде 14-июлда куралдуу кол салуу кылганын айткан 3 палестиналыкты өлтүрүп, окуяда жаракат алган 2 полициянын болсо ооруканаларда көз жумганын жарыялаган.Окуядан кийин Акса мечитине кирүүгө тыюу салган Израиль күчтөрү, Хареми Шарифтин 2 каалгасын 16-июлда ачкан бирок каалгаларга металл издөөчү детекторлорду жайгаштырган.

Аймакта бул абалдар боюнча чыккан чыңалуудан ушул убакка дейре 3 палестиналык каза болуп, 100дөн ашууну жаракат алды.



Тектеш кабарлар