Донецкте жаңы мамлекет курулат

Курула турган мамлекеттин атынын «Кичи Орусия» болору билдирилди.

773047
Донецкте жаңы мамлекет курулат

Украинада 3 жыл мурда башталган кагылышуулардан кийин бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Донецк Эл Республикасы өткөөл процессинен кийин жаңы бир мамлекет курууну сунуш кылды. Курула турган мамлекеттин атынын «Кичи Орусия» болору билдирилди.

Донецк Эл Респуликасынын лидери Александр Закхарчено Украинанын  кулаган мамлекет экендигин ортого салып, эл аралык коомду «Кичи Орусияны» колдоого чакырды. Борбор шаары Донецктин болору белгиленген федералдык мамлекет Кичи Орусиянын жаңы статусун белгилеген конституциянын элдик добуш берүүгө сунушталышы күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар