Иранда АКШлык чыккынчы кармалды

Иран кармалган бир Америка чыккынчысынын 10 жыл абак жазасына тартылгандыгын билдирди.

772378
Иранда АКШлык чыккынчы кармалды

Иран кармалган бир Америка чыккынчысынын 10 жыл абак жазасына тартылгандыгын билдирди.

Иран «Мизан» кабар агенттиги коопсуздук күчтөрү ишке ашырган операцияда Зи Ю Фанг аттуу кытай тектүү Америка жаранынын чыккынчылык кылуу менен кармалгандыгын жарыялады. АКШдагы Принстон университетинде илимий изилдөө кызматкери болуп иштеген Зи Ю Фангдын абдан жакшы фарсча сүйлөгөндүгү жана Жакынкы Чыгыш тарыхы, Орусия менен Евразия жана Эл аралык карым – катнаштар тармактарында адис экендиги белгиленди.

Иран сот катчысы Хүсейин Ижаби кармалган чыккынчыга 10 жыл абак жазасы берилгендигин билдирди. Катчы Зи Ю Фанг аттуу студенттин диссертация эмгеги үчүн барган Иранда өткөн жылы жай айларында кармалгандыгын жана соттолуу менен 10 жыл абакка жазасына тартылгандыгын белгилеп, эркин болушу үчүн колунан келгенди аткарышарын билдирди.

Американын тышкы иштер министрлиги болсо сот чечимине каршы чыгуу менен Иранда камоого алынган Америка жарандарынын баарынын эркин койо берилишин каалады.



Тектеш кабарлар