Түндүк Кореядагы жер титирөөгө атомдук сыноолору түрткү болдубу?

Түштүк Корея жана Япониянын жер титирөө боюнча адистери таңга маал Түндүк Кореянын Чонгжин шаарынан 192 км алыстыкта деңиздин 500 км тереңдигинде 6,3 баллдык жер титирөө катталганын жарыялады.

769870
Түндүк Кореядагы жер титирөөгө атомдук сыноолору түрткү болдубу?

Түндүк Кореянын деңиздеринде рихтер өлчөмү боюнча 6,3 баллдык жер титирөө болуп өттү.

Түштүк Корея жана Япониянын жер титирөө боюнча адистери таңга маал Түндүк Кореянын Чонгжин шаарынан 192 км алыстыкта деңиздин 500 км тереңдигинде 6,3 баллдык жер титирөө катталганын жарыялады.

АКШнын Геологиялык изилдөө борбору (USGS) болсо жер термелүүнн өлчөмүн 5,9 балл деп жарыялады.

Адистер жер титирөөнүн 20 жылдан ашык убактыттан бери Түндүк Кореянын Япон деңизи тарабында катталган эң катуу термелүү болгонуна көңүл бурушту.

Улуттук жер титирөө маалыматы боюнча борборунун адиси Жон Беллини, жер титирөөнүн Түндүк Кореянын акыркы мезгилдеги атомдук ракета сыноолрунан келип чыкканы жөнүндө ойлору тууралуу Йонхап агенттигине берген маалыматында, «Жер титирөө деңиздин 500 км астында болду. Мунун атомдук сыноолор менен байланышы болушу мүмкүн эмес. Бул табигый жер титирөө»,-деп айтты.

Түндүк Кореянын 2006-жылы октябрь айында болгон атомдук сыноосунан кийин 4,3 балл, 2009-жылдын май айында болгон атомдук сыноодон кийин 4,7 балл, 2013-жылдын февралы жана 2016-жылдын январыннан кийин да 5,1 баллдык жер термелүүлөр катталган.

Термелүүлөрдүн сейсмикалык эмес абалдан келип чыкканы белгиленген.

Бир тараптан Папуа Жаңы Гвинеянын деңиздеринде 6,4 баллдык жер титирөө болуп өттү.

USGS, очогу Жаңы Ирландия аралынын 38 км түштүк-чыгышында орун алган жер титирөөнүн деңиздин 47 км тереңдигинде катталганын билдирди.

Тынч океан Цунами эскертүүчү борбору, жер титирөөндөн кийин цунами эскертүүсү берилген жок.



Тектеш кабарлар