Япония Түндүк Кореяга нота жиберди

Япониянын Түндүк Корея менен дипломатиялык карым-катнашы болбогону үчүн нота Түндүк Кореянын Пекиндеги элчилиги аркылуу берилди.

770264
Япония Түндүк Кореяга нота жиберди

Япония түндүк-батыш жээктеринде экипажы куралчан Түндүк Кореянын яхтасын байкап калып Пхеньян башкаруучулугуна каршылык нотасын берди.

Министрлер кеңешинин катчысы Йошихиде Суга, маалымат жыйынында жума күнү өлкөнүн түндүгүндөгү Хоккайдо аралынын 500 км жакынында япон балыкчынын яхтасынын Түндүк Кореянын яхтасы менен кездешкенин, экипажы куралчан яхтанын 10 мүнөт ээрчип япон балыкчыларын опузалаганын белгиледи.

Суга, Япониянын жээк коопсуздугунун кийлигишүүсүнөн кийин ал яхтанын Түндүк Кореянын жээк сууларын көздөй качканын айтты.

Суга, яхтанын аймакта болуу максатынын эмне экени жөнүндө сереп салган жок. Япониянын маалымат агенттиги Киодо, жоопуу кызматкерлердин ал яхтанын мыйзамсыз балык уулоо үчүн чыкканын ойлогонун маалымдады.

Япониянын Түндүк Корея менен дипломатиялык карым-катнашы болбогону үчүн нота Түндүк Кореянын Пекиндеги элчилиги аркылуу берилди.



Тектеш кабарлар