Мигранттар эң көп кайсы өлкөгө көчүүнү каалашат?

Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык миграция уюму, Галлуп фирмасына 160тан ашуун өлкөдө жасаткан изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялады.

769229
Мигранттар эң көп кайсы өлкөгө көчүүнү каалашат?

Жер жүзүндөгү 710 миллион киши башка өлкөлөрдө жашагысы келет. Бул кишилердин тандаган өлкөлөрүнүн арасында болсо Түркия 15чи орунда турат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык миграция уюму, Галлуп фирмасына 160тан ашуун өлкөдө жасаткан изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялады.

Изилдөөдө жашы ылайык катышуучуларга «Мүмкүнчүлүгүңүз болсо туруктуу түрдө башка бир өлкөгө көчүүнү каалайсызбы?», «Башка бир өлкөгө алдыбыздагы бир жылдын ичинде көчүү планыңыз барбы?» жана «Алдыбыздагы бир жылдын ичинде башка өлкөгө көчүү үчүн кандайдыр бир даярдык кылдыңызбы?» суроолору узатылды.

Берилген жоопторду карасак 710 миллион кишинин мүмкүнчүлүгү болсо башка бир өлкөгө туруктуу түрдө көчүүнү каалаганы, 66 миллион кишинин бир жылдын ичинде көчүүнү пландаганы, 23 миллион кишинин болсо бул максат менен даярдыктарын баштаганы белгиленди.

Отчетто потенциалдуу мигранттардын эң көп баргысы келген өлкөлөрдүн башында АКШ, Англия, Сауд Арабия, Франция, Канада, Германия жана Түштүк Африка, көчүүнү ойлогондор эң көп жашаган өлкөлөр болсо Нигерия, Индия, Демократиялык Конго Республикасы, Судан, Бангладеш жана Кытай орун алганына көңүл бурду.

Эң көп көчүлсө боло турган өлкөлөрдүн арасында Түркия 15чи орунда турат. Көчүүнү каалагандардын чоң көпчүлүгү Африка жана Азияда жашаган кишилерден турат.

 



Тектеш кабарлар