UNICEF Йеменге жардам жиберди
БУУнун Балдарга Жардам Фондунун Йеменге жиберген медициналык жардам материалдары борбор шаар Санага жетти.
БУУнун Балдарга Жардам Фондунун Йеменге жиберген медициналык жардам материалдары борбор шаар Санага жетти.
Йемендеги UNICEFтин катчысы Мухаммед ел - Есади басма сөзгө берген маалыматында 33 тонналык медициналык жардам материалын ташыган эки жүк ташуучу учактын эл аралык Сана аэропортуна конгондугун белгиледи. Есади холера оорусун дарылоодо колдонула турган медициналык материалдардын эпидемиядан эң көп таасирленген аймактарга жеткирилерин белгиледи.
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун маалыматтарына караганда 27 - апрелден бери Йеменде холера эпидемиясынан улам 1713 киши каза болду. Йеменде эки жылдан ашууну бакыттан бери болуп келе жаткан кагылышуулардан улам өлкө жерлеринен кеткен 3 миллион киши таза ичүүгө боло турган суунун жоктугу жана таштандылардын айынан күн сайын холера оорусунун жугуу коркунучу менен бетме – бет келүүдө.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.