ДЕАШ Мусулда жеңилүүгө учуратылды

Трамп, Ирак армиясынын Мусулда жеңишин жарыялоосунан кийин жазуу түрүндө маалымат берди.

768411
ДЕАШ Мусулда жеңилүүгө учуратылды

АКШнын президенти Дональд Трамп, террор уюму ДЕАШтын бир убакта жалгандан халифаттыгын жарыялаган Мусулда дуушар болгон кыйроосунун уюмдун Ирак жана Сирияда саналуу гана күндөрү калганынын белгисин бергенин айтты.

Трамп, Ирак армиясынын Мусулда жеңишин жарыялоосунан кийин жазуу түрүндө маалымат берди.

Мусулдун террор уюму ДЕАШтан куткарылышын «көпкө созулган коркунучтан кийин ойгонуу» деп мүнөздөгөн АКШнын президенти, Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Ибади жана Ирак армиясын операциядагы ийгилигинен улам куттуктады.

Трамп, «ДЕАШтын зулумдук менен кырган миңдеген ирактык жана ДЕАШтан зыян тарткан миллиондогон ирактык үчүн кайгырып жатабыз. Өлкөлөрүндө жашоону нормага айландыруу үчүн өмүрлөрүнөн ажыраган баатыр аскерлер үчүн Ирак калкынын жана пешмергенин кайгыларын тең бөлүшөбүз жана алардын жумшаган аракеттерин кубаттайбыз»,-деп айтты.

Трамп: «ДЕАШтын бир убактарда жалгандан халифаттыгын жарыя кылган Мусулдагы жеңилүүсү, уюмдун Ирак жана Сирияда саналуу гана күндөрү калганынын белгисин берүүдө. ДЕАШтын толугу менен жок кылынышына күч жумшообузду уланабыз»,деген серебин салды.

АКШ жетектеген ДЕАШка каршы күрөшкөн коалициянын командири генерал-лейтенант Стивен Таунсенд болсо Ирактын Мусул шаарынын ДЕАШтан тазаланышынын уюмду жок кыла албай турганын айтты.

Генерал-лейтенант Стивен Таунсенд: «Бул жеңиш ДЕАШты жок кыла албайт жана алдыбызда дагы татаал согуш бар»,-деди.

Бириккен милдет күчүнүн табигый чечкиндүүлүк операциясынан 3 жыл террор уюму ДЕАШтын көзөмөлүндө калган Мусулдун уюмдан куткарылышына байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берилди.

Анда көз караштарына орун берилген ДЕАШка каршы коалициянын командири Генерал-лейтенант Стивен Таунсенд буларга токтолду: «Глобалдык коалиция, зулум жана жаман душманга каршы тарыхый жеңиштеринен улам премьер-минстр Хайдар ал-Ибадини жана Ирактын коопсуздук күчтөрүн куттуктайт. Бирок эске алып койгула бул жеңиш ДЕАШты жок кылбайт жана алдыбызда дагы татаал согуш бар. Ал эми эгиз борбор шаарларынан бирөөнү жана жалган халифаттыктарынан биринчисин жоготуулары аларга албетте чоң сокку урулганынын белгиси. Мусул армия үчүн татаал согуш болчу жана коалиция кырчылдашкан согуштун негизинде ээ болгон жеңишин куттуктап жатканда ирактык өнөктөштөрүнүн жанында болгондору үчүн сыймыктанат».

ДЕАШтын Ирактын бир топ аймагында болушун улантканын белгилеген жарыясында коалициянын уюмга каршы Иракты жактай турганы баса белгиленди. АКШнын мамлкеттик катчысы Рекс Тиллерсон болсо жазуу түрүндөгү жарыясында, АКШ жана коалициянын тазаланган аянттардын ырааттуулукка жеткирилиши жана адамдардын үйлөрүнө кайтышы үчүн БУУ жана Ирак өкмөтүн колдой турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар