АКШнын бомбардир учактарына Түндүк Корея жооп кайтарууда...

Йонхап агенттигинин кабарына караганда Түштүк Корея жана АКШнын ортосундагы биргелешкен аскердик машыгуунун «отко көөрүк менен баруу болгону» айтылды.

767985
АКШнын бомбардир учактарына Түндүк Корея жооп кайтарууда...

АКШга таандык эки бомбардир учактын Түндүк Кореянын баллистикалык ракета жана атомдук программасына каршы жүргүзүлгөн машыктыруу миссиясына кошулушу, Пхеньян бийлиги тарабынан «Корея жарым аралында жапырт согушка жол ача турган ченемсиз провокация» катары мүнөздөлдү.

Йонхап агенттигинин кабарына караганда Түндүк Кореянын Жумушчу партиясынын расмий берүү органы Родонг Синмунда чыккан жарыяда Түштүк Корея жана АКШнын ортосундагы биргелешкен аскердик машыгуунун «отко көөрүк менен баруу болгону» айтылды.

Жарыяда, «Жөнөкөй бир жаңылыш чечим же катачылык, ядролук согуштун чыгышына себеп болушу мүмкүн. Анын болсо жаңы дүйнөлүк согушка алып бараары шексиз»,деп айтылды.

«АКШнын Корея жарым аралына тартиптүү түрдө стратегиялык бомбардир учактарын жибере турганын айтышы, бир ок-дары сактоочу жайдын үстүндө от менен ойноо сыяктуу оолуккан кыймылга барабар»,деген сереп салынган жарыяда, Түндүк Кореяга каршы ядролук согуш коркутуусун күчөтө турган пландар менен АКШнын өзүн өзү жок кылуудан кача албай турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар