АКШ Раккада ППКны атты

Анадолу агенттигинин Раккадагы жергиликтүү булактардан алган маалыматына караганда коалицияга таандык согуштук учактар, Акриши жергесине абадан операция жүргүздү.

767637
АКШ Раккада ППКны атты

АКШ жетектеген эл аралык коалициянын Сириянын Ракка шаарында жикчил террор уюму ПККнын аймактагы уландысы ПЙДга таандык буталарды атышынын жыйынтыгында 40 террорист жок кылынды.

Анадолу агенттигинин Раккадагы жергиликтүү булактардан алган маалыматына караганда коалицияга таандык согуштук учактар, Акриши жергесине абадан операция жүргүздү.

Бул учурда ПКК/ПЙД буталары атылганы, бомбалоодо кеминде 40 террорист өлгөнү, көп сандаган террористтин да жараланганы айтылды.

Аймактын айланасында террорр уюмдары ДЕАШ менен ПКК/ПЙДнын ортосунда ок атышуулар болгонун белгилеген булактар, коалициянын ДЕАШ буталарына бомба жаадырганын маалымдады.

Бул учурда ДЕАШтын шаардагы ишке ашырууларын чечмелеген «Ракка үнсүз түрдө кыргынга учуратылууда» аттуу активист желенин, социалдык медиа барагынан берген маалыматында коалициянын абадан кол салууларында акыркы 48 сааттын ичинде 23 жаран каза болгону, 46 жарандын жараланганы жарыяланды.



Тектеш кабарлар