Түризмде эң көп Кытайлыктар акча жумшап жатат

Кытай аба жолу фирмалары өткөн жылы 260 эл аралык аэропортко каттамдарын баштаган.

767288
Түризмде эң көп Кытайлыктар акча жумшап жатат

Кытайдын эң чоң туризм фирмасы C-trip тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө караганда кытайлык туристтердин өткөн жылы жалпы дүйнөдө 261 миллиард доллар жумшап эң көп акча жумшаган турист тизмесинде биринчи болду.

Дүйнөлүк туризм каржамаларынын 21 пайызынын кытайлык туристтер тарабынан жасалгандыгы баса белгиленген изилдөөнүн жыйынтык отчетунда бул өлкөдөн өлкө тышына барган турист санынын акыркы 12 жылда жыл сайын 10 пайыздан ашуун арткандыгына көңүл бурулду.

АКШ, Канада менен Сингапур да араларында болгон көп сандаган өлкө Кытай жарандарына 10 жылдык виза  киргизе баштаган болчу.

Кытай аба жолу фирмалары өткөн жылы 260 эл аралык аэропортко каттамдарын баштаган. Адистер өлкө тышына чыккан кытайлык туристтердеги артуунун өлкөнүн акча бирдиги юандын  баасынын көтөрүлүшү, өкмөттүн туризм секторундагы шыктандыруу жана берилген виза жеңилдиктерине байланыштырууда.



Тектеш кабарлар