Индонезия борбор шаарын өзгөртөт

Индонезиянын президенти Жоко президенттик сарайында борбор шаарды алмаштыруу тууралуу кенен жыйын өткөрдү.

765319
Индонезия борбор шаарын өзгөртөт

Дүйнөнүн эң чоң аралы Индонезия эки жылдын ичинде борбор шаарын алмаштырат. Азыркы учурдагы борбор шаар Жакарта финансы жана жумуш борбору катары калат. Жаңы борбор шаардын кай жери болору азырынча белгисиз.

Индонезиянын президенти Жоко Жоу Видодо президенттик сарайында борбор шаарды алмаштыруу тууралуу кенен жыйын өткөрдү.

Индонезия улуттук өнүгүү жана пландоо министри Бамбанг Броджонегоро жыйында карап чыгуу иштерин бул жылдын акырында бүткөрүү чечимин чыгарышкандарын айтты.

Бамбанг Броджонегоро : «2018 -  жылы же 2019 -  жылы борбордук өкмөттүн жаңы борбор шаарга көчүшү тууралуу иштер аткарылат»,- деди. Бамбанг базистик иштердин бүткөрүлүшү жана өкмөт имараттарынын көчүшү үчүн жалпы 3 – 4  жылдын керек экендигин да айтты.

Индонезиялык министр өзгөчө жаңы борбор шаардын Жакарта жайгашкан Жава аралынын тышында болорунун белгисин берди.

 



Тектеш кабарлар