Катар кризиси Каирде каралды

Катарга карата эмбаргону улантуу чечимин чыгарган тышкы иштер министрлери Доха башкаруусуна карата эч кандай санкция чечимин чыгарган жок.

765865
Катар кризиси Каирде каралды

Катар жана кээ бир араб өлкөлөрүнүн арасында улантылып жаткан кризис Египеттин борбор шаары Каирде каралды. Сауд Аравия, Египет, Бириккен Араб Эмирликтери жана Бахрейндин тышкы иштер министрлери «Катар менен карым катнаштарда таштала турган кадамдарды» сүйлөшүү үчүн өткөрүлгөн жыйындан кийин Араб Биримдигинин имаратында биргелешкен пресс – жыйын өткөрдү.

Жыйында Катарга карата саясий жана экономикалык блокаданын  улантылары, Доханын төрт өлкөнүн 13 беренелик тизмесин четке кагуусу капалантуучу экендиги баса белгиленди.

Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Адил  ел  - Жубейр : «Катарга карата саясий жана экономикалык эмбарго улантылат. Ылайыктуу учурда  эл аралык мыйзамдардын алкагында кошумча кадамдарды таштайбыз»,- деди. Салынган санкциялардын Катардын башка араб өлкөлөрүнүн ички иштерине аралашуусунан улам баштатылгандыгы да айтылды. Катарга карата эмбаргону улантуу чечимин чыгарган тышкы иштер министрлери Доха башкаруусуна эч кандай санкция чечимин чыгарган жок.



Тектеш кабарлар