Сербияда өкмөт ишеним добушун алды
Сербиянын жаңы президенти Александр Вучич өкмт куруу милдетин Ана Брнабичке берди.
Сербияда мурунку премьер – министр Александр Вучичтин президент болуп шайлануусунан кийин өкмөт куруу милдетин алган Ана Брнабич парламенттен ишеним добушун алды. Жаңы өкмөткө 55 добушка каршы 157 добуш менен ишеним добушу берилди. Анна Брнабич добуш берүүдөн кийин берген маалыматында Сербиянын убакыт жогото турган мүмкүнчүлүгүнүн жок экендигин айтып : «Мен жана группам Сербия жарандарына эң мыкты кызмат кылуу үчүн болгон күчүбүз менен иштейбиз»,- деди.
Кош жыныстуулугун жашырбаган аял премьер – министр Брнабич өткөн жылы курулган Вучич өкмөтүндө Жергиликтүү башкаруулар министри катары кызмат кылган.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.