Сирияда саламаттык сактоо мекемелерине кол салуу болууда

Сирияда алты айдын ичинде 59 саламаттык сактоо мекемесинин кол салууга учураган.

761214
Сирияда саламаттык сактоо мекемелерине кол салуу болууда

 БУУ Сирияда алты айдын ичинде 59 саламаттык сактоо мекемесинин кол салууга учурагандыгын билдирди. БУУнун башкы катчысынын өкүлү Стефан Дажаррик күнүмдүк пресс – жыйынында берген маалыматында Сирияда жарандарга жана жарандык мекемелерге жасалган кол салуулардын улантылышынан тынчсызданышкандарын айтты.

Идлиб аймагында өткөн жумада эле жарандарга карата колдо жасалган жарылуучу заттар менен сегиз кол салуу жасалгандыгын айткан Дажаррик 24 -  июнда Дана кыштагында базарда болгон кол салууда аялдар менен балдар да болгон 10 кишинин каза болгондугун белгиледи.

«Жарандарга жана жарандык курулуштарга карата кол салууларды катуу айыптайбыз»,- деген Дажжарик жылдын башынан бери жалпы Сирияда 59 саламаттык сактооо мекемесине кол салуу болгондугун, кол салууларда 15 саламаттык кызматкеринин каза болгондугун айтты.

Дажжарик өткөн жылы Сирияда саламаттык сактоо мекемелрине карата жалпы 136 кол салуу жасалгандыгын жана мунун жыйынтыгында 31 кызматкердин каза болгондугун билдирди.



Тектеш кабарлар