Антонио Гутерреш Дональд Трамп башкаруусунун эскертүүсүнө көңүл буруу кереткигин айтты

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли да жаңы бир химиялык кол салуунун болбошу үчүн иштеп жатышкандарын айтты.

761337
Антонио Гутерреш Дональд Трамп башкаруусунун эскертүүсүнө көңүл буруу кереткигин айтты

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Дональд Трамп башкаруусунун «жаңы бир химиялык курал кол салуусуна даярдангандыгы» менен эскерткен Башар Асад режиминин бул эскертүүгө олуттуу кароосу керектигин айтты.

Гутерреш Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен жолугушкандан мурда басма сөз кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди. Ак үйдүн Асад режимине жасаган эскертүүсүнө байланыштуу көз караштарына Гутерреш : «Мунун олуттуу бир эскертүү экендигине ишенем. Олуттуу эскертүүлөргө көңүл буруу керек»,- деп баа берди.

Бир тараптан АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли да АКШ конгрессинде берген маалыматында Трамптын химиялык курал кыймылынын ишке жарагандыгын жана ыктымалдуу бир кол салууга бөгөт боло аларын белгиледи. Хейли жаңы бир химиялык кол салуунун болбошу үчүн иштеп жатышкандарын айтты.

Трамптын Асадды эскертүүсү жана өздөрүнүн Иран менен Орусияга эскертүүлөрүнүн маанисине токтолгон Хейли өзгөчө Сириядагы бардык келишпестиктерге карабастан АКШ менен Орусиянын ортосундагы байланыш каналдарынын ачык болушунун маанилүү экендигин жана коргоо министри Жим Маттистин бул тууралуу аракет кылып жаткандыгын билдирди.

 



Тектеш кабарлар