Дүйнөдө кибердик кол салуу дүрбөлөңү

Украинада башталган кибердик кол салуу Орусия, Европа жана АКШда да жайылып баратат.

760516
Дүйнөдө кибердик кол салуу дүрбөлөңү

 

Украинада кол салуудан таасирленген негизги  борборлордун бирөөсү 1986 – жылы атомдук бир апаат болгон Чернобль станциясы болду. Станциядагы көптөгөн компьютер май айында 150 өлкөгө таасирин тийгизген "WannaCry» программасы менен бирдей методду колдонгон вирус программасы тарабынан жасалган кол салуудан жабыркады.

Станциянын директору Владимир Ильчук компьютердик адистерден турган бир группанын кол салуунун таасирин жок кылуу үчүн иштеп жаткандыгын жана станцияда радиациянын чыгуу коркунучу жок экендигин белгиледи.

Украинада Борбордук банк, банктар, электр бөлүштүрүү түйүнү жана фирмалар кун сураган программанын бутасында...

Борбор шаар Киевдеги Борсиполь эл аралык аэропорту да кибердик кол салууларга дуушар болуп,  каттамдарда аксоо болду. Өкмөттүн компьютердик желеси чыгымга учурады.

Мындан мурда болбогон кол салуу менен бетме  - бет келгендерин айткан Украианын премьер – министри Владимир Гройсман кол салуунун маанилүү маалымат системаларына таасир бербегендигин ортого салды.

Киев башкаруусу бул кол салуу Орусиянын иши экендигин ортого салып, орус нефть фирмасы Роснефть да кибердик кол салууга учурагандыгын жарыялады.Орусия борбордук банкы да көптөгөн орус банктарынын бутага алынгандыгын билдирди.  

Орусияда бир банкоматиктен акча алуу үчүн барган кишилерден акча суроосу социалдык медада жайылды.

Фрнациянын поезд транспорт фирмасы SNCF, борбору Голландия болгон жүк ташуу фирмасы TNT, Дания  транспорт фирмасы Moller-Maersk, Испаниянын азык  - түлүк фирмасы Mondelez фирмасы, Улуу Британия реклама агенттиги WPP,  АКШда дары – дармек фирмасы Merck жана укук фирмасы DLA Piper глобалдык кол салууга дуушар болгон фирмалардын арасында.

Май айында “WannaCry” аттуу программа менен жасалган эл аралык кибердик кол салуу Британиянын Улуттук саламаттык системасын токтотуп, бүткүл дүйнөгө ылдам жайылып 150 өлкөдө он миңдеген киши жана мекеме жабыр тарткан.



Тектеш кабарлар