АКШ башкаруусу Асад режиминин химиялык курал менен кол салууга даярданып жаткандыгын билдирди

Шон Спайсер Сирияда жаңы бир химиялык курал менен кол салууга даярдыктардын жүрүп жаткандыгына байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

759894
АКШ башкаруусу  Асад режиминин химиялык курал менен кол салууга даярданып жаткандыгын билдирди

АКШ башкаруусу Сирияда Асад режиминин жарандардын массалык өлүмүнө себеп боло турган  химиялык курал менен кол салууга даярданып жаткандыгын билдирди. Ак үйдүн катчысы Шон Спайсер Сирияда жаңы бир химиялык курал менен кол салууга даярдыктардын жүрүп жаткандыгына байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди. Маалыматта : «АКШ Асад режими тарабынан күнөөсүз балдар да болуу менен жарандардын массалык өлүмүнө себеп боло турган ыктымалдуу химиялык курал менен кол салуу даярдыктарынын бар экендигин аныктады. Бул даярдыктар 2017 – жылдын 4 -  апрелиндеги куралдуу кол салуудан мурункуларга окшоп жатат»,- деп билдирилди.

 



Тектеш кабарлар