Америкалык мурунку дипломат чыккынчылык менен айыпталууда

Мурунку дипломат Кевин Петрик Маллори Виргиния штатындагы федералдык сотто чыккынчылык кылуу кылмышы менен сот алдына чыгарылды.

758447
Америкалык мурунку дипломат чыккынчылык менен айыпталууда

АКШда кызмат кылган бир дипломат Кытай чалгындоосуна «жашыруун» документтерди билдирди деген негиз менен соттолууда. Мурунку дипломат Кевин Петрик Маллори Виргиния штатындагы федералдык сотто чыккынчылык кылуу кылмышы менен сот алдына чыгарылды.

Өмүр боюу абак жазасына тартылган Маллоринин 1987 – жылдан 1999 – жылга чейин АКШнын тышкы иштер министрлигинде кызмат кылгандыгы, абдан жакшы кытай тилинде сүйлөгөндүгү, мындан мурда аэропортто сумкасынан катталбаган 15 миң 500 доллар табылгандыгы белгиленүүдө. Сот Жон Гиббс доого байланыштуу маалыматында Кытай чалгындоо кызматкерлеринен 25 миң доллар алгандыгы ортого салынган Маллориге өлүм жазасынын  берилиши да мүмкүн экендигин айтты.



Тектеш кабарлар