Жүз жыйырма алты адам деңизге чөгүп кетти

Жер ортолук деңизде бозгундардын трагедиясы уланып жатат

756063
Жүз жыйырма алты адам деңизге чөгүп кетти

Ливиядан эң жакын Европа өлкөсү Италияга карай сапар тарткан резине кайык сууга чөгүп кетти.

Резина кайыктагы 130 кишиден 126сы көз жумду. 4 киши балыкчылар тарабынан куткарылды.

Күн сайын ушул эле багытта көптөгөн кайгылуу окуя болот.

Балкан багыты жабылгандан кийин Европага бозгундарды ташуу Эгей деңизинен Жер ортолук деңизге бурулду.

Миллиондогон бозгун жакшы жашоо үмүтү менен Европа өлкөлөрүнө баруу үчүн жолдордо.

Бозгундардын саны менен бирге Жер ортолук деңизде сууга чөккөндөрдүн саны да өсүүдө.

Жылдын башынан бери деңизде көз жумгандардын саны 1 миң 800дөн ашты.



Тектеш кабарлар