Индонезияда 700 миң жылдык пил фосили табылды

Стегодон түрүндөгү пилдери азыркы күндөгү пилдерден эки эсе узун.

752980
Индонезияда 700 миң жылдык пил фосили табылды

"Jakarta Post" гезитинин кабарына караганда Ортоңку Жакарта аймагындагы Банжарежо айылында 700 миң жылдык тукуму түгөнгөн бир пилдин түрү болгон "Stegodon"  фосилинин табылгандыгы белгиленди.  

Аз кездешкен түргө таандык фосилди бир айылдык кудук казып жатканда тапкан жана табылга тууралуу аймактын жетекчилерине билдирген. Жетекчилер 4 метр узундуктагы тиштери менен табылган фосилдин адаттан тышкары экендигин баса белгилешти. Мындай түрдөгү пил фосилдеринин калдыктары Азия, Африка жана Европада да табылып, 1, 2 миллион жыл мурда жашаган стегодон пилдеринин боюнун азыркы күндөгү пилдерге караганда эки эсе узун экендиги билинет. 

 

 



Тектеш кабарлар