Араб өлкөлөрүнө чакырык

Маселени чечүүгө карай чакырык салынды

753966
Араб өлкөлөрүнө чакырык

Англия, айрым араб өлкөлөрүнүн Катар менен болгон байланыштарын токтотушуна алып келген чыңалуунун басаңдатылышына карата Сауд Арабия, Бахрейн жана Катарды кадам таштоого чакырды.

Англиянын премьер-министри Тереза Мэй кечээ кечинде телефондо Сауд Арабия, Бахрейн жана Катардын лидерлери менен өз-өзүнчө сүйлөштү.

Маалымдалгандай Мэй сүйлөшүүлөрдө, булуң аймагында Катарга киргизилген эмбаргого байланыштуу бардык тараптарларды диаолог баштатууга жана Булуң Кызматташтык Кеңешинин биримдүүлүгүн мүмкүн болушунча эң кыска мөөнөттүн ичинде кайрадан камсыздоого чакырды.

Мэй айрыкча, Катардын булуң шериштештери менен биргелешип аймактагы радикалдашуу жана терроризм балээсине каршы ушул учурга чейинки натыйжалуу сүйлөшүүлөрүн улантуулары керектигин айтты.

 


Этикеткалар: #Катардын , #эмбаргого

Тектеш кабарлар