Гватемаладагы жер титирөөнүн кесепети
Жер титирөөнүн күчү 6,9 баллга жетти
753016
6,9 баллдык жер титирөө болгон Борбордук Америка өлкөлөрүнөн Гватемалада каза болгондордун саны 5ке жетти, 7 киши да жаракат алды.
Кечээ болгон жер титирөөдөн эң көп Сан-Маркос шаары жабыркады.
Айрым имараттар зыянга учураган аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Шаардагы кээ бир мектептер урап калуу коркунучунда тургандыктан билим берүүгө тыныгуу берилди.
Жер титирөөнүн очогунун Тахумульконун 8 километр түштүк-чыгышында, жердин 111 километр тереңдигинде болгону билдирилди.