Бангладеште жер көчкү

Жер көчкүдө 48 киши каза болду.

751908
Бангладеште  жер көчкү

Бангладештин түштүк чыгышында болгон жер көчкүдө 48 киши каза болду.

Жергиликтүү басма сөздө чыккан кабарга караганда кечээ таасирдүү боло баштаган катуу жамгыр 3 тоолуу аймакта жер көчкүгө себеп болду.

Көп сандаган үй жер астында калып, апаатта эң аз 48 киши каза болду.

Армиянын катчысы Резаул Карим бир авто жолунун жакынында болгон жер көчкүдөн кийин аймакка кеткен изилдөө куткаруу тобунан эки кызматкердин жана эки аскердин каза болгондугун, эки кишинин болсо азыр да жок экендигин билдирди.

Рангамати аймагында 26, Читтагонгдо 12, Бандарбанда да 10 киши каза болду. Апаатты башкаруу  боюнча жооптуусу Реаз Ахмед сөзү болгон аймактарда изилдөө куткаруу иштеринин улантылгандыгын белгиледи. Кээ бир чет жактагы аймактарга жетүүгө болбогондугун белгилеген Ахмед каза болгондордун санынын артуусунан тынчсызданышкандарын айтты.



Тектеш кабарлар