Меланья Трамп Ак үйгө көчүп келди

Меланья Трамп социалдык медиа эсебинен берген маалыматында : «Жаңы үйүбүздө убакыт өткөрө турган күндөр үчүн толкунданып жатам»,- деди.

750730
Меланья Трамп Ак үйгө көчүп келди

АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайы Меланья Трамп беш айга жакын убакыттан кийин Ак үйгө көчүп келди.

Меланья Трамп социалдык медиа эсебинен берген маалыматында : «Жаңы үйүбүздө убакыт өткөрө турган күндөр үчүн толкунданып жатам»,- деди.

Трамп эсебинен Ак үйдөгү Кызыл бөлмөнүн терезесинен көрүнгөн Вашингтон эстелигинин сүрөтүн да бөлүштү. "First Lady" 11 жаштагы уулу Баррон каникулга чыкканга чейин Нью – Йоркогу Trump Towerда болууну тандаган.

20 -январда президенттик кызматын баштаган Трамптын жубайы Меланья Трамптын Ак үйгөкелбеши америкалыктар тарабынан сынга алынган болчу.

Меланья Трамп ант берүү аземинен кийин жубайы менен Ак үйгө көчүп келбеген биринчи first lady болду. Трамптан мурунку президент Барак Обаманын жубайы Мишель Обама кыздарына жаңы мектеп табуу үчүн жубайынан мурда Вашингтонго келген болчу.



Тектеш кабарлар