Асад режими Сирияда напалм бомбасын колдонууда

Башар Асад режими, Дераанын отурукташкан райондоруна напалм бомбалары менен кол салды.

750837
Асад режими Сирияда напалм бомбасын колдонууда

Сирияда Асад режими, баррель бомбалары менен катар өрт чыгарган напалм бомбаларын да элге атууда...

Башар Асад режими, эң акырында Дераанын отурукташкан райондоруна напалм бомбалары менен кол салды.

Баррель бомбалары да ташталган маалаларда кеминде 10 киши жаракат алды.

Кагылышуулар эң көп көрүнгөн Меншие районундагы үйлөрдө чоң өрттөр чыкты.

Дераа облус борбору; түндүктө Дера Махата менен түштүктө Дера Белед болуп эки бөлүктөн турат. Башар Асад режимине таандык күчтөр Дера Махатанын чоң бөлүмүн ээлеп турат.

Дераа, 4-5-майдадагы Астана жыйналышында Орусия, Түркия жана Иран кол койгон меморандум менен түзүлүшү көздөлгөн «коопсуз аймактар» арасында орун алган.

Шаардагы аскердик оппозициячылдар, Меншие аркылуу илгрилөөсүн токтотуш үчүн режим күчтөрүнө каршы согушууда.



Тектеш кабарлар